Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды Максат Мамытканов жетектейт

Президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабды Максат Мамытканов жетектейт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковду кабыл алган жолугушууда маалым болду.

Новиков өкмөт тарабынан президенттик шайлоону ачык-айкын жана азыркы мыйзамдарды бузбастан өткөрүүгө бардык күч-аракеттер көрүлөрүн белгиледи. Ал үчүн республикалык штаб түзүлүп, аны вице-премьер-министр Максат Мамытканов жетектерин айтты.