Президенттик шайлоонун күнү аныктала элек

Президенттик шайлоонун күнү кечээ, 21-октябрда парламентте кворум жоктугуна байланыштуу белгиленбей калды. Тагыраагы бул маселени талкуулоого убакыт келгенде “Ата мекен” фракциясынан тышкары дээрлик бардык депутаттар залдан чыгып кетишти.

Депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам боюнча президенттин отставкасынан кийин 7 күндүн ичинде парламент жаңы шайлоонун күнү аныкташы  керектигин айткан. Эгерде Жогорку Кеңеш шайлоонун күнүн жарыялабай койсо, анда 8-күнү автоматтык түрдө БШК белгилерин кошумчалаган. Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда президенттик кызматтан отставкага кеткен болчу.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун күнүн жарыялоого парламенттин дагы бир күнү калды. Тагыраагы бүгүн – акыркы күн…