Президенттикке өзүн көрсөткөн 12 талапкердин документин БШК кайтарды

Кечээ, 19-ноябрда президенттикке өзүн көрсөткөн 12 талапкердин документин БШК кайтарып берди. Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун маалыматына ылайык, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Нурлан Мотуевге соттуулугу жоюла электигине байланыштуу документтерин кайтарып берүү чечими чыкты.

Анар Зарипова, Анаркүл Араева, Юлия Лилиенталь, Елена Клипачева, Жээнбек Искендеров, Куттумидин Базаркулов, Чыңгыз Капаров, Тынчтык Акжолтаев, Султан Ажиматовго мамлекеттик тилди билгени тууралуу сертификатты көрсөтө электигине байланыштуу документтери кайтарылды.