Президенттикке ат салышып жаткан 17 талапкер добуш берүүсүн улантып жатышат. Равшан Жээнбеков да буга чейин Адахан Мадумаров айткандай президенттик шайлоо 2 тур менен өтөт деп күтүп жатканын билдирди. Ал экинчи тур пайдалуу болорун жана өлкө үчүн, демократия үчүн керек экенин айтты. Каныбек Иманалиев добуш берүүгө жубайы жана балдары менен келип, өзү башка талапкерге, тагыраагы Клара Сооронкуловага добуш бергенин билдирди. “Ал 17 талапкердин ичинен жарышка чыккан жалгыз аял. Мырза катары башкага добуш бере албадым”, — деди Иманалиев. Курсан Асанов дагы шайлоо тилкесине жубайы жана кызы менен келди. Аймен Касенов да жарандык милдетин аткарып, ал өзүнүн жеңишине ишенип турганын айтты. Талапкерлердин көбү Бишкекте добуш беришсе, Элдар Абакиров Токмок шаарында шайлоого катышты. “Шайлоо адилеттүү өтөт деп үмүт кылам. Өткөн шайлоодогудай мыйзам бузуулар болсо, анда биз мыйзам алкагында аракет кылгандардын катарында болобуз деди”, — Абакиров.
Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Бакудагы Олимпиада стадионуна барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУ КӨАК) тараптарынын 29-конференциясына катышуу үчүн Баку...