Президенттикке ат салышып жаткан 17 талапкер добуш берүүсүн улантып жатышат. Равшан Жээнбеков да буга чейин Адахан Мадумаров айткандай президенттик шайлоо 2 тур менен өтөт деп күтүп жатканын билдирди. Ал экинчи тур пайдалуу болорун жана өлкө үчүн, демократия үчүн керек экенин айтты. Каныбек Иманалиев добуш берүүгө жубайы жана балдары менен келип, өзү башка талапкерге, тагыраагы Клара Сооронкуловага добуш бергенин билдирди. “Ал 17 талапкердин ичинен жарышка чыккан жалгыз аял. Мырза катары башкага добуш бере албадым”, — деди Иманалиев. Курсан Асанов дагы шайлоо тилкесине жубайы жана кызы менен келди. Аймен Касенов да жарандык милдетин аткарып, ал өзүнүн жеңишине ишенип турганын айтты. Талапкерлердин көбү Бишкекте добуш беришсе, Элдар Абакиров Токмок шаарында шайлоого катышты. “Шайлоо адилеттүү өтөт деп үмүт кылам. Өткөн шайлоодогудай мыйзам бузуулар болсо, анда биз мыйзам алкагында аракет кылгандардын катарында болобуз деди”, — Абакиров.
Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер добуш берүүсүн улантып жатышат
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Садыр Жапаров жана Айгүл Жапарова Бакудагы Олимпиада стадионуна барды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
16:15 12.11.2024
Садыр Жапаров Бакуга барды
Автор
Эдита Ильясова
09:45 12.11.2024
Сауд Өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы 38 мамлекеттик мектептин курулушуна 50 миллион доллар бөлүүнү карап чыгат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:53 11.11.2024
Министр Бейшеналиев Улуттук онкология борборунун жетекчисин кызматтан кетиргенин билдирди
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:58 11.11.2024
Депутат оорукананын жетекчилерин тандоо тартиби тууралуу сурады
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:50 11.11.2024