Президенттикке ат салышып жаткан 17 талапкер добуш берүүсүн улантып жатышат. Равшан Жээнбеков да буга чейин Адахан Мадумаров айткандай президенттик шайлоо 2 тур менен өтөт деп күтүп жатканын билдирди. Ал экинчи тур пайдалуу болорун жана өлкө үчүн, демократия үчүн керек экенин айтты. Каныбек Иманалиев добуш берүүгө жубайы жана балдары менен келип, өзү башка талапкерге, тагыраагы Клара Сооронкуловага добуш бергенин билдирди. “Ал 17 талапкердин ичинен жарышка чыккан жалгыз аял. Мырза катары башкага добуш бере албадым”, — деди Иманалиев. Курсан Асанов дагы шайлоо тилкесине жубайы жана кызы менен келди. Аймен Касенов да жарандык милдетин аткарып, ал өзүнүн жеңишине ишенип турганын айтты. Талапкерлердин көбү Бишкекте добуш беришсе, Элдар Абакиров Токмок шаарында шайлоого катышты. “Шайлоо адилеттүү өтөт деп үмүт кылам. Өткөн шайлоодогудай мыйзам бузуулар болсо, анда биз мыйзам алкагында аракет кылгандардын катарында болобуз деди”, — Абакиров.
Президенттикке ат салышып жаткан талапкерлер добуш берүүсүн улантып жатышат
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Кыргызстан менен Өзбекстандын товар айлантуусун 2 миллиард долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат
Автор
СЕРЕП МЕДИА
15:50 02.05.2024
Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкентке барды
Автор
СЕРЕП МЕДИА
11:27 02.05.2024
Президенттин Ош облусундагы өкүлү сөгүш алды
Автор
Эдита Ильясова
18:19 30.04.2024
БШК Мадумаровдун депутаттык мандат маселесин карайт
Автор
Эдита Ильясова
14:18 26.04.2024
Нурланбек Шакиев БУУнун мурдагы башкы катчысы менен жолукту
Автор
Эдита Ильясова
16:43 25.04.2024