Президенттикке көрсөтүлгөн талапкерлердин саны экиге азайды

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлигин көрсөткөн эки жарандын кол тамгаларын жараксыз деп тапты. Кубан Чороевге кол тамгалар үчүн барактарды басып чыгарууга акча төлөнбөй чогултулганы, ал эми Кубанычбек Токтосуновго кол тамгалардын саны жетишсиз болгону эреже бузуу деп эсептелген. Мындан улам, жогорудагы экөө жарыштан четтетилди.

Ошентип, президенттикке талапкерлигин көрсөткөн 18 жаран калды. Президенттик шайлоо 10-январда болуп өтөт.