Президенттикке талапкерлер жалпы 105 миллион сомдон ашуун акча каражатын коротушту

Президенттикке талапкерлер жалпы жонунан 105 миллион сомдон ашуун акча каражатын коротушту, анын жарымынан көбү эле Садыр Жапаровдун сарптоосуна туура келет.

Мыйзамга ылайык, банк мекемелери БШКга талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты апта сайын берип турууга милдеттүү. Мына ушул маалыматтарга таянып, БШК 31-декабрга карата 17 талапкердин шайлоо фондундагы акча каражаттары жөнүндө маалымат тараткан.

Садыр Жапаровдун эсебине 62 миллион сомдон көбүрөөк түшкөн, анын 57 миллион сомдон ашуунун короткон. Ал эми экинчи орунда Бабыржан Тольбаевдин эсебине 14 миллион сомдон ашуун каражат түшсө, анын 11 миллион сомуна жакынын сарптаган. Үчүнчүдө Имамидин Ташов, төртүнчүдө Абдил Сегизбаев турат, алардын ар биринин эсебине 5 миллион сомго жакын которулган, бири баарын коротсо, экинчиси дээрлик баарын сарптаган . Калган 13 талапкердин эсебине 1 миллион сомдон баштап 4 миллион сомго чейинки акча каражаты түшкөн.