Президенттикке талапкерлер үгүт кампаниясына канча акча коротуп жатышат? БШКнын маалыматы

Мыйзамга ылайык, банк мекемелери БШКга талапкерлердин атайын эсептериндеги акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты апта сайын берип турууга милдеттүү. Мына ошол маалыматтарга таянып, БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу 18 талапкердин шайлоо фондундагы каражаттары жөнүндө маалымат таратты.

Эң эле көп акча каражатын сарптаган Садыр Жапаров болуп жатат. Анын эсебинде 51 миллион сомдон ашуун каражат болгон, анын 50 миллион сомдон көбүрөөгү сарпталганы маалымдалды. Андан кийинки эле эң көп каражат, тагыраагы 14 миллион сом Бабыржан Тольбаевде, анын 9 миллиону сому коротулган. Ал эми калган талапкерлердин банктагы эсебинде 1 миллиондон 5 миллион сомго чейинки каражат болгону маалымдалат. Талапкерлер жалпы 104 миллион сомдон ашуун каражат чогултуп, анын 94 миллион сомдон көбүрөөгүн сарпташкан.