Президенттикке талапкерлердин ичинен 11и «Укук жана эркиндик жөнүндө» келишимге кол койду

Кечээ, 23-декабрда президенттикке талапкерлердин ичинен 11и «Укук жана эркиндик жөнүндө» келишимге кол койду. Мындан тышкары дагы үч талапкер аймактардагы эл менен жолугушуудан кайтып келгенден кийин келишимге кол коюуга даяр экенин билдиришкен.

Келишим жарандардын укуктары менен эркиндиктерин алдыга жылдырууну өз ичине камтыйт. Келечектеги президентти бул принциптерди улантууга, колдоого чакырат. Келишимдин долбоорун 30дан ашык маалымат каражаттары, жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер кирген коалиция даярдаган. Ал сөз эркиндигин, демократияны, адамдардын укук жана эркиндик үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган.