Президенттикке талапкерлердин саны кыскарды

Президенттикке талапкер Рашид Тагаев шайлоого катышуудан баш тартты. Ал кечээ, 29-декабрда Коомдук телерадио корпорациясында өткөн дебатка да катышкан эмес. Тагаев талапкер болуп катталган 18 талапкердин ичинен биринчи болуп жарыштан чыкты. Ошентип, мындан ары 17 талапкер күрөштү улантат.

Тагаев баш тартууга себеп катары “мындан кийин күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бербеген жеке ишенимдерге байланыштуу токтотууга мажбур болдум” дейт. Анын айтымында, өлкөдө саясий окуялар өтө тездик менен өзгөрүп жатат жана ал абал турукташкан соң, баштаган ишин улантат.