Президенттикке талапкерлердин теледебатынын II турунда Жапаров менен Мадумаров бир күндө чыга турган болду

Президенттикке талапкерлердин  теледебаттарынын экинчи туру 6-январда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын   бекиткен графигинде көрсөтүлгөн.

18 талапкер чүчү кулак ыкмасы менен теледебаттардын ар бир күнүнө алтыдан бөлүнгөн. Ага ылайык экинчи тур 6-7-8-январь күндөрү КТРКдан саат 20:00дө түз эфирде көрсөтүлөт.

Ал эми Рашид Тагаев жарышка катышуудан баш тартканына байланыштуу 7-январда беш кандидат чыга турган болду.

График:

 6-январь  

Садыр Жапаров;

Адахан Мадумаров;

Канатбек Исаев;

Курсан Асанов;

Элдар Абакиров;

Аймен Касенов.

 7-январь

Клара Сооронкулова;

Абдил Сегизбаев;

Арстанбек Абдылдаев;

Равшан Жээнбеков;

Каныбек Иманалиев.

 8-январь  

Улукбек Кочкоров;

Бабыржан Төлбаев;

Бактыбек Калмаматов;

Жеңишбек Байгуттиев;

Имамидин Ташов;

Мыктыбек Арстанбек.

Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо 10-январда өтөт.