Президенттикке талапкерлигин көрсөткөндөр 4-декабрга чейин 1 миллион сомдон турган күрөөнү тапшырышы керек

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн 63 адамдын ичинен кыргыз тилинин сынагын тапшыргандыгы тууралуу сертификатты азырынча 15и гана берген. Аталган сынакты 7-декабрга чейин тапшырууга болот. Ал эми 1 миллион сомдон турган күрөөнү жана кеминде 30 миң жарандан чогултулган колду 4-декабрга дейре тапшыруу зарыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда талапкерлерди каттоону жыйынтыктайт. Андан кийин эки күн ичинде аларга тийиштүү күбөлүк берилет.

Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.