Шаршемби, 18.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президенттин администрациясы депутат Бакыт Төрөбаевге жооп берди

17:35 07.05.2021
0
Президенттин администрациясы депутат Бакыт Төрөбаевге жооп берди

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы Министрлер кабинетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Кечээ, 6-майда Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин дайындалышы убактылуу экенин билдирген.

Президенттин администрациясынын жообу:

«Ушул 11-апрелде кыргыз эли «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» 8 беренеден турган Кыргыз Республикасынын мыйзамына добуш берди. Аталган мыйзамдын 1-беренесинде Конституциянын тексти берилген. Мыйзамдын 2-8-беренелери (өткөөл жоболор) бийлик институттарынын мурастоочулугун жана коомдун туруктуулугун, Конституциянын күчүнө киришин камсыз кылган ченемдерди жөнгө салат.

Ошентип Конституциянын тексти (мыйзамдын 1-беренеси) менен өткөөл жоболорун (мыйзамдын 2-8-беренелери) бир бүтүндүктө түшүнүп, колдонуу керек. Ошол эле учурда Конституция жана мыйзам боюнча Министрлер кабинетин түзүүдө ар кандай жол-жоболор каралган.

Мыйзамдын 4-беренесине ылайык (өткөөл жоболор), жаңы Конституция күчүнө киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет. Ошону менен бирге өкмөт тарабынан ыйгарым укуктарды аткарууну улантуу каралбагандыктан, Министрлер кабинетинин курамын токтоосуз түзүү талап кылынган.

Аталган мыйзамдын редакциясындагы Конституцияга ылайык, Министрлер кабинетинин курамын түзгөнгө чейин президент жарлыктын негизинде убактылуу Министрлер кабинетинин курамын түзө алат жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындай алат. Ошол эле учурда бул мыйзамдын ченеминде (4-берене) Жогорку Кеңештин макулдугун алуусу каралган эмес.

Ошентип мыйзамдын өткөөл жоболорунда президентке убактылуу Министрлер кабинетин өз алдынча түзүү укугу берилген.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдары кабыл алынып, алардын негизинде жаңы парламент түзүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан убактылуу түзүлгөн өлкөнүн Министрлер кабинети жаңы Конституциянын эрежелерине ылайык, жаңы Министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарышат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралгандай болбосо дагы мыйзамдын эрежелерине ылайык, президент убактылуу Министрлер кабинетин түзүүгө укуктуу жана милдеттүү.

Кыргыз Республикасынын президентинин Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндөгү жарлыктарында «убактылуу» деген терминди колдонуу талап кылынбайт, анткени аларды дайындоо мыйзамдын убактылуу түзүү жөнүндө көрсөтүлгөн 4-беренесинин негизинде ишке ашырылат».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:49 17.03.2026
0

Бүгүн, 17-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен биргеликте жеке курулуш...

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
07:59 17.03.2026
0

Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту....

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

БШК Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:13 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. Жогорку...

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:56 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Ташиев Шаирбек Кыдыршаевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:14 14.03.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-мартта өзүнүн жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

08:09 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

08:29 17.03.2026
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

1
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

1
Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: "Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды"

18:49 17.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

18:41 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү