Президенттин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды

Президенттин администрациясынын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

— Жанузаков Адилет Канатович — Коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Сазыков Эркин Орозбекович — Маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Борубаев Назирбек Нарматович Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.