Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борбору түзүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Кырдаалдык борбору жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, президенттин жана Министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү, ошондой эле аналитикалык маалыматтарды ыкчам даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Кырдаалдык борборун түзүүгө токтом кылынган.