Экс-депутат Искендер Гайпкуловдун мандатын «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазов ала алат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Абдыжапар Бекматов билдирди.
«2015-жылы Шайлообек Атазов «Ата-Мекен» партиясынын тизмесинде болчу, ал ошол жылы ушул партия менен шайлоого барган. Азыр кийинки талапкердин тизмеси Атазовго жеткендиктен, Гайпкуловдун мандаты ага берилет», — деди ал.
Шайлообек Атазов 41 жашта. Ал «ЕРЕМ» спорт клубунун аткаруучу директору. Ошондой эле ал «Күч биримдиги» саясий кыймылынын лидери.
2020-жылдын 4-октябрындагы жыйынтыгы жараксыз деп табылган парламенттик шайлоодо Шайлообек Атазов «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курамында депутаттыкка талапкер болгон.
Искандер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган.