Президенттин басма сөз катчысы элчи болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Султанбаев Эрбол Абдыкадырович Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Президенти Садыр Жапаров кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Ибраимов Эрмек Султанович Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, ишти айкальштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы жана Эстония Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматтарынан бошотулду.