Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди. 
«Президент Садыр Нургожоевич “Коомчулукта, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөр ортосунда да бөлүнүп-жарылууга жол бербей, тескерисинче биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым” дегенде Камчыбек Кыдыршаевичти айткан жери жок. Кеп Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда.
Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейин журналисттерге берген комментарийимди бурмалагандар же туура эмес түшүнгөндөр болуп жаткандыктан тактоо киргизүүнү туура көрдүм» деген ал.