Президенттин маалымат катчысы Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылганын тастыктады

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеевге “Финансылык полициянын генерал-майору” наамы ыйгарылганын тастыктады.

“Мыйзамга ылайык, укук коргоо органдарынын жогорку башкаруучу курамынын кызмат орундарынын жана аларга тиешелүү атайын наамдардын тизмеси президент тарабынан бекитилет.

4-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Сыймык Жапыкеевге “Финансылык полициянын генерал-майору” наамы ыйгарылган. Ошондой эле, бул жарлыкка ылайык, президенттин чечими менен биринчи же кезектеги жогорку класстагы атайын класстык чендер жана атайын наамдар кызматтагы убактысын эске албастан берилиши мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев өзүнө генерал-майор наамы ыйгарылганын жарыялаган эле. Жапыкеев мындай жогорку наамды ыйгаруу тууралуу президенттин жарлыгы 4-мартта эле чыкканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген. Бирок андан бери дээрлик 20 күн өткөнүнө карабай, бул маалымат расмий ырасталбай келген.