Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүн Нуркамал Асканова жетектейт

Нуркамал Асканова президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Асканова 56 жашта. Буга чейин Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) эмгектенип келген. Телеканалда “Кайдасың” программасын алып барчу.

Буга чейин бул кызматты Нургазы Анаркулов жетектеп келген. Ал 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.

Ал эми бүгүн, 1-февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду. Жарлыкка өз каалоосу менен жазылган арыз негиз болгону айтылган.