Президенттин басма сөз кызматынын башчысы Нургазы Анаркулов ээлеген кызматынан бошотулду

Нургазы Анаркулов президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка өз каалоосу менен жазылган арыз негиз болгону айтылган.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Нургазы Анаркулов 30-январда ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган болчу.