Президенттин басма сөз кызматын жетектөөгө келген Алтынбек Жумаевдин өмүр баяны

Бүгүн, 28-декабрда Жумаев Алтынбек Мусаевич президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын өмүр баяны менен тааныштырат.

Алтынбек Жумаев 1970-жылы 1-январда туулган. Билими жогорку. 1991-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин, 2004-жылы Кыргыз-Россия билим берүү академиясын, 2017-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2021-жылы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Иш тажрыйбасы:
1998-2005-жылдары — КТРКнын диктору;
2005-2006 –жылдары — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппараты, эксперт;
2006-2008-жылдары — КТРКнын «Замана» cтудиясынын жетекчиси;
2008-2009-жылдары — КТРКнын башкы директорунун кеңешчиси;
2009-2010-жылдары — Чүй облустук «Сары-Өзөн» телерадиокомпаниясынын башкы директору;
2010-жылы — «Канал D» [«7 канал»] ТРК ААКнын негиздөөчүсү жана башкы директору;
2017-2018-жылдары — «NUR» телекомпаниясы ААКнын негиздөөчүсү;
2020-жылдын ноябрь-декабрь айлары — Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт кампаниясынын жетекчиси;
2021-жылы — Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрация жетекчисинин кеңешчиси.