УКМК: «Президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Нургазы Анаркулов кармалган, бирок камакка алынган эмес»

Президенттин басма сөз кызматынын мурунку башчысы Нургазы Анаркулов кармалып, бирок камакка алынган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кылмыш ишинин алкагында Нургазы Анаркуловду камакка алуу түрүндө эч кандай баш коргоо чарасы тандалган эмес, аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатат»,— деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жүргүзүлүп жаткан тергөө иштерин жыйынтыгында, Анаркуловго карата юридикалык баа берилери айтылды.

30-январда Нургазы Анаркулов ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эми бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ээлеген кызматынан бошотулду.