Президенттин иш башкармасы менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы бирикти

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Жарлык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды. Жарлыкка ылайык, президенттин иш башкармасынын жана Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөт.

Президенттин иш башкармасы президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.