Депутат Маматалиев: «Президенттин карындашы 5 жолу экзамен тапшырып, айдоочулук күбөлүктү ала албай койгон»

Орусиянын депутаттары Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салчу мыйзам долбоорун артка кайтарып алат. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев билдирди.

«Биз сүйлөштүк. Бул мыйзам боюнча алар бизди толук колдой турган болушту. Ал эле эмес, мыйзам долбоорду демилгелеген депутат жана анын фракциясы менен жолуктук. Артка кайтаргыла деп маселени козгодук. Депутаттардын ортосунда маселе чечилди. Алар «силер да аракет кылып койгулачы» деди. Бизде күчөтүлгөнүн түшүндүрдүк. Керек болсо, президенттин карындашы 5 жолу экзамен тапшырып, ала албай койгонун айттык. Алар реалдуу күбөлүк алгандардын тизмесин берүүнү суранышты. Себеби биздин күбөлүктү жасалма кылып, 3 миң сомго саткандар бар экен», — деди.