Президенттин кеңешчиси Алымкадыр Бейшеналиев боюнча түзүлгөн комиссияга кимдер киргенин билберин айтты

Алымкадыр Бейшеналиев боюнча түзүлгөн комиссияга кимдер киргенин билбейм. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Башкы прокурор менен министрдин коомдо ачык 2-3 жолу кайым айтышуусу болду. Аны баарыбыз билебиз. Ушул сөздөргө да президент бир жактуу сүйлөй албайт эле, ошондуктан комиссия түзгөнү туура болду. Комиссиянын жыйынтыгында, эмнеге ушундай иш болгону аныкталат. Эгер министрликте мыйзам бузуулар болсо, аныкталат. Эгер прокурор өчөшкөн болсо, ашыкча кыймыл жасап ийиптир деп чечим кылат. Президент да жооп бергенде, комиссиянын жыйынтыгына таянат», — деди ал.