Президенттин кеңешчиси: «Бизде телефон өчүргөнгө уруксат жок. Мага тийиштүү тапшырма болсо, түнү да телефонго келет»

Бизде эки Жапаров бар. Бири президент Садыр Жапаров, экинчиси Акылбек Жапаров. Экөө тең башкача иштеген адамдар. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Башкалар 12 сааттан кийин чарчап калышса, булар 18 саат иштешет. Ошондуктан алар иштебейин деген оюңа да койбойт. Талабы аябай күчтүү. Берилген тапшырма сөзсүз аткарылышы керек. Ал өзгөчө көзөмөлдө турат. Ошондуктан иш жетиштүү», — деди ал.

Ал ошондой эле президенттен тапшырма түнү да келерин айтты. «Баарыбызга эле ошондой, мага тиешелүү болсо, ошол замат телефонго жөнөтөт. Бизде телефон өчүргөнгө уруксат жок. Дайыма иштеп турушу керек. Өзүбүз деле көнүп калганбыз. Телефонду текшерип турабыз. Кээде президент менен жумалап көрүшпөй калган учурлар болот. Телефон менен кат алышып турабыз», — дейт ал.