Президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы дайындалды

Адинай Марипова президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Адинай Марипова Жогорку Кеңештин депутатынын кеңешчиси болуп иштеген.