Президенттин маалымат катчысы Алексей Ширшовго кылмыш иши козголгонун моюнга алды. Бирок…

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 10-майда УКМК тарабынан кармалып, ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан Алексей Ширшов боюнча тактоо киргизди.

«Президент Садыр Жапаров Ширшов боюнча маалымат бергенден кийин Азимбек Бекназаров «мамлекет башчысын кимдир бирөөлөр адаштырып жатат» деген пикирин билдирди. Жыйынтыгында президенттин дагы, Азимбек Бекназаровдун дагы айткандары туура болуп чыкты. Көрсө, Ширшовго козголгон иштер болгон экен. Бирок 2015-2019-жылдары айып пул төлөп, акталып чыгыптыр. Бул боюнча төмөндөгү маалыматтардан көрүүгө болот. 2021-жылы эч кандай издөөдө болгон эмес жана башка кылмыш иштери козголбоптур. Ошол үчүн президент кабыл алган», — деди ал.

Буга чейин Садыр Жапаров Максим Бакиевдин жакын досу болгон Алексей Ширшовго эч кандай кылмыш иштер болбогонун, ага издөө да жарыяланбаганын айтып чыккан. Көп өтпөй мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Ширшовго козголгон кылмыш иштери бар экенин айтып, «президентти кимдир бирөөлөр адаштырып жатат» деген оюн айткан.