Президенттин маалымат катчысы: «Азык-түлүккө байланыштуу көйгөй болбойт»

«Казак тараптан айрым өткөрүү пункттарынын жабылып жатканына байланыштуу коркунучтардан улам бүгүнкү күнгө карата өлкөдө социалдык маанидеги азык-түлүктүн жана күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар экенин билдиребиз», — дейт президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

Ал жарандарды азык-түлүк кескин кымбаттап же тартыш болушу мүмкүн деп чочулабоого чакырды. Эки өлкөнүн дипломатиялык мекемелеринин линиясы боюнча кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү пункттарын тез арада кайра ишке киргизүү иштери жүрүп жатат.