Президенттин маалымат катчысы: «Бишкек ЖЭБи ири суммадагы каражатка оңдолот деген калп»

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов Бишкек ЖЭБине байланыштуу акыркы маалыматтарга карата түшүндүрмө берди.

«Бишкек ЖЭБи ири суммадагы каражатка оңдоодон өтөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында “ТВЕА Бишкек ТЭЦинин эки блогун оңдоого 1 миллиард 140 миллион доллар салат” деген маалымат тарап, кийин ал Энергетика министрлиги тарабынан жокко чыгарылган. Анык эмес маалыматтын таркатылышына Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери жол берген. Бул катасы үчүн ал бүгүн кызматынан бошотулду. Бул кызматкердин жалган маалыматты таркатуусунун максаты кандай болгону, бул маалымат менен коомчулукту дүрбөтүүнү көздөгөндөр менен байланышы болгонбу-жокпу териштирүү жүргүзүлүп башталды», — деп жазды маалымат катчы.