Президенттин маалымат катчысы: «Бул сүрөт боюнча комментарий бербейбиз»

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун бизнесмен Азим Рой менен түшкөн сүрөтү жарыяланып, талкуу жараткан. Сүрөттөн депутат Акылбек Түмөнбаевди да көрүүгө болот. 

Акылбек Түмөнбаев «Азаттыктын» журналистине сүрөттөн өзүн таанып, «Сүрөткө түшсөм, балким, жанында отуруп түшүп калгандырмын» деди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев менен байланышканыбызда сүрөт боюнча комментарий бербей турганын айтты.