Президенттин басма сөз катчысы жалган маалымат таратпоого чакырды

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалымат таратпоого чакырды.

«Дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. «Интернеттен алдык» деп эле жалган маалыматтарды менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса, «сөз эркиндигин ооздуктап жатат» деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып, жалган маалыматтарды менчик телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү. Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратаардан мурда расмий булактарга кайрылсаңыздар, ал жактан жооп ала аласыздар», — деди ал.