Президенттин маалымат катчысы Казакстанда кыргыз музыкантынын кармалышы тынчсызданууну жаратарын айтты

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Казакстанда кыргыз музыкантынын кармалышы тынчсызданууну журналисттерге жаратарын айтты.

«Бир катар чет өлкөлүк ЖМК маалыматтарында кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахыновду Казакстанга митингге катышуу үчүн келген деп, аны деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратат. Бул оңой эмес кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан бардык жагдайлар жана анын себептери тыкыр иликтениши маанилүү. Учурда эки мамлекеттин ТИМи жана ИИМи тарабынан Викрам Рузахыновдун кармалышынын жагдайларын аныктоо боюнча тийиштүү иштер жүрүүдө», — деди Эрбол Султанбаев.

Бүгүн, 9-январда Алматыда кармалгандардын бири сурак учурунда Кыргызстандан барганын айтканы тартылган видео казак басылмалары тарабынан жарыяланды. Буга удаа эле Кыргызстандан Казакстанга акча сунушташканы үчүн митингге баргам деген адам — бул Алматыга концерт коюп көп барган джаз музыканты Викрам Рузахунов экенин тааныштары видеодон таанып, коңгуроо кага баштаган. Ички иштер министрлигинен музыканттын Алматыга билетти 2021-жылдын 16-декабрында сатып алганын, 2-январь күнү саат 20:00дө учуп кеткенин маалымдашты.