Президенттин маалымат катчысы Министрлер кабинети алмашарын төгүндөдү

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу сөздөр чындыкка дал келберин билдирди.

“Акыркы убакта коомчулукта, Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу ар кыл кеп-сөздөр жүрүүдө. Ушуга байланыштуу, бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий билдиребиз. Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар. Өлкөбүздүн жарандары өзгөрүүлөрдү өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда сезиши үчүн Министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек. Аны менен бирге, президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жекече жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилейбиз», — деп билдирди Эрбол Султанбаев.