Президенттин маалымат катчысы: «Өлкө башчысы Жогорку Кеңештин макулдугу жок деле элчи дайындоого укугу бар»

«Өлкө башчысы Жогорку Кеңештин макулдугу жок деле элчи дайындоого укугу бар». Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Кечээ, 25-январда Идрис Кадыркулов Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси болуп дайындалган. Андан бир күн мурда анын элчилик кызматка талапкерлиги парламенттин профилдик комитетинде көпчүлүк добуштун негизинде жактырылбай калган.

«Жогорку Кеңеш элчини дайындоого макулдук берет деп Баш мыйзамда каралган эмес. Демек, президент парламенттин профилдик комитетинин чечимине карабай элчи дайындоого укуктуу», — дейт президенттин маалымат катчысы.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев да бул багытта өз пикирин жарыялады. Анын айтымында, президент элчилик кызматка талапкерлерди Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтпөшү керек болчу. «Баш мыйзамда макулдашуу тууралуу норма жок», — дейт ал.