Президенттин маалымат катчысы: «Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деп айтылган божомолдор акылга сыйбаган нерсе»

Орхан Инандынын уурдалышына бийликтин катыштыгы бар деп айтылган божомол сөздөр таптакыр акылга сыйбаган нерсе. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, Орхан Инандынын жоголгону белгилүү болгон алгачкы күндөн тартып президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарына ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, чек ара көзөмөлүн күчөтүүнү жана Орхан Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

«Мындан сырткары, буга чейин Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракеттери көрүлгөнү, акыркы жолу мындай аракет атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан токтотулуп калганы белгилүү болду. Алар ага сакчылардын коштоосунда жана этият жүрүүсүн эскертишкен. Анын уурдалышы тууралуу маселе түрк тарапка коюлуп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды. Учурда түрк тараптан расмий жооп келе элек, бирок алар Орхан Инандынын Түркия жарандыгынан чыкпаганын, Түркиянын жараны экендигин оозеки түрдө билдиришти», — деп айтылат маалыматта.