Президенттин маалымат катчысы: «Садыр Жапаровдун жакын туугандары саясатка аралашпайт»

Депутат Дастан Бекешев президенттин уулу Рустам Жапаров саясатка аралашууга аракет кылып жатат деп кооптонуп, анын талапкерлер менен жолугуп жатканын айтып чыккан эле. Бул боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине президенттин маалымат катчысы үн катып, Садыр Жапаровдун туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз экенин айтты.

«Мамлекет башчысы буга чейин өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсыл бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген», — деп айтылат маалыматта.