Президенттин маалымат катчысы Садыр Жапаровдун сөзүнө тактоо киргизди

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кечээ, 9-январда соцтармактагы баракчасына жарыялаган Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө тактоо киргизди.

«Мамлекет башчысынын сөздөрүн туура эмес чечмелеген айрым учурларга байланыштуу төмөнкүдөй тактоо киргизем. Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап акцияга катышпаган жана жоопкерчиликке адилетсиз тартылып жаткан бардык Кыргыз жарандарын коргой тургандыгын жана алар үчүн катуу күрөшөрүн так билдирди. Редакциялардан президенттин сөздөрүн туура чечмелөөсүн өтүнөм», — дейт президенттин маалымат катчысы.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Казакстанда кыргыз музыканты Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катып, билдирүү жарыялаганы маалым. Посттун ичинен алынган бир сүйлөмдү орус басылмалары жапырт кабардын аталышы катары жазып чыгышты.