Президенттин милдетин аткаруучу Финансы министрин кабыл алды

Президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытов Финансы министри Кыялбек Мукашевди кабыл алды. Анда өлкөдө макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу маселелери, артыкчылык берилген өнүктүрүү программаларын каржылоо жана 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышынын жүрүшү талкууланды.

Министр биринчи кезектеги чыгымдалуучу милдеттенмелерди, анын ичинде социалдык төлөмдөрдү, коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларын, электр энергиясын импорттоону жана күз-кыш мезгилине көмүр камдоону каржылоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Мамытов бюджеттин корголгон беренелери жана социалдык төлөмдөр өз убагында, толук көлөмдө берилип, пенсия, жөлөкпул жана бюджеттик кызматкерлерге эмгек акыларын төлөөдө кечигүүлөр болбошу керектигин баса белгиледи. Президенттин милдетин аткаруучу коронавируска каршы күрөшүүдө алынган тышкы жардам боюнча коомчулукту ачык жана толук маалымат менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.