Президенттин өкүлү депутат Маматалиевге: «Биз сизди «тупой» дебейбиз»

«Марлен Маматалиев биз сизди абдан сыйлайбыз. Мени карап айтып кеттиңиз «бизди «тупой» дебеңиз» деп. Биз эч качан сизди «тупой» дебейбиз». Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

«Тескерисинче биз депутаттарды сыйлайбыз. Биз сизди эң перспективдүү, мыйзам долбоорлорун эң көп демилгелеген алдыңкы депутаттардын бири деп эсептейбиз», — деди ал.

Ага чейин Маматалиев Жогорку Кеңештин регламентинин долбоорун президенттик администрация 75-пунктун Конституцияга каршы келет деп белгилеп четке какканына нааразы болгон. Депутат чынында андай эместигин айтып, негизсиз чечим чыгарылганын белгилеген.