Президенттин өкүлүн Кемпир-Абад маселеси боюнча курултайда ышкырып сүйлөтпөй коюшту

Бүгүн, 15-октябрда президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновду Кемпир-Абад маселеси боюнча курултайда ышкырып сүйлөтпөй коюшту.

«Ушул мекенчил жигиттерибиз, аксакалдарыбыз Кемпир-Абад маселеси болбогондо деле келсе болмок. Бир эле Кемпир-Абад болуп калганда келишпей… Мына жаңы бийлик келип, элге чек араны тактайбыз деген убада берген. Ошонун негизинде Өзбекстан менен чек арабызды такташып жатат. Бул сүйлөшүүлөргө бир жылдан ашып калды. Буга чейин деле Кемпир-Абад ушул жерде турган, суу басып жаткан. Эмне үчүн биз ошол мезгилде көтөргөн жокпуз? Өзбекстан менен тополоң болбой, чек араларды тактап коёлу деп жатканда азыр келип, ушул маселени көтөрүп жатканыңыздарга мен таң калып жатам», — деди облус башчысы.

Ал сөзүнүн дал ушул жерине келгенде курултайдын катышуучулары анын сөзүн бөлүп, ышкырып, Зиядин Жамалдинов сөзүн токтотууга мажбур болду.