Үңкүр-Тоо боюнча президенттин сайтында бүгүн жарыяланган маалымат өчүрүлдү. Бул боюнча басма сөз катчы эмне дейт?

Бүгүн, 13-мартта өлкө башчынын сайтында жарыяланган «Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарийи» деген аталыш менен чыккан маалымат сайттан өчүрүлдү.

Бул маалыматтын ичинде эң маанилүү делген маалыматтардын бири өзбек тарап Кыргызстанга талаш-тартыш жана саясий тирешүүнүн булагы болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экендиги айтылган эле. Бирок бул жаңылык бир нече убакыттан кийин сайттан өчүрүлдү.

Мунун себебин билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек менен байланышып көрдүк. Анын айтымында, жаңылыкка толуктоо киргизүү үчүн мурдагы маалымат өчүрүлгөн. «Бул маалыматка толуктоо киргизүү үчүн өчүрүлгөн. Бир нече убакыттан кийин кайра жайгаштырылат. Учурда маалымат толукталып жатат», — деди ал.