Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек Наркулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.