Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев кызматынан бошотулду.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Далиев Уланбек Эшенович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.
Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп, 2024-жылдын февраль айында дайындалган.