Турусбек Түмөнбаевдин «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасына директор болуп дайындалганы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын сайтында көрсөтүлгөн, бирок бул тууралуу расмий жарыяланган эмес.
Турусбек Түмөнбаев депутат Акылбек Түмөнбаевдин бир тууганы. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кудасы.
Түмөнбаев 2021-жылы Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору кызматынан бошотулган.
- Садыр Жапаров кудаларын кандай максатта кызматка алып келгени боюнча берген комментарийи: “Өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылып, мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты”.