«Прокурорлор берене алмаштырууга 10 миң доллар сурашат». Депутат прокуратурада коррупция күчөгөнүн айтты

«Прокуратурада коррупция абдан күчөдү. Бул боюнча эл арасында жакшы сөз жок». Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев парламент жыйында билдирди.

«Шайлоочулар айтышты, бир беренеден экинчи беренеге алмаштырууга 10 миң доллар сурап атат дейт. Ушул маселени карашабыз керек. Прокуратурага тергөө кирген соң, булар «монстрга» айланып кетишти. Ошол үчүн прокуратураны чакырып, ал кишини да караш керек», — деди ал.