Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана башка 15 өлкөнүн парламенттеринин өкүлдөрү катышып жаткан БРИКС парламенттик форумунда Орусиянын президенти Владимир Путин кайрылуу жасады.
Жаңы геосаясий, экономикалык, демографиялык реалдуулукту чагылдырган дүйнөлүк тартиптин калыптанышы татаал процесс экенин белгилеген Владимир Путин мында парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду. Ошондой эле БРИКСтин азырынча институтташтырылган парламенттик структурасы жок экенин айткан Орусиянын президенти: “Бирок келечекте бул идея сөзсүз ишке ашат деген ишенечитемин”, – деди.
Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев да жыйында баяндама жасап: “БРИКС+ форматына катышуу Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына толугу менен шайкеш келет. Биз көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууга, көптөгөн тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз”, – деп белгилеген.
БРИКС алгач Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасы тарабынан 2006-жылы түптөлгөн. Уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS — Brazil, Russia, India, China, South Africa). Кийин уюмга Иран, Египет, Эфиопия жана Бириккен Араб Эмираттары кошулган.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-июлда АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салуу аракетине байланыштуу билдирүү жасады. «Талапкер жана АКШнын мурдагы президенти...
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн онунчу БРИКС парламенттик форумунун алкагындагы пленардык жыйынга катышты. Маданий-гуманитардык тармактар боюнча...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун учуу-конуу тилкесинин жана жаңы имаратынын курулушунун...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Каракол шаарында...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан онунчу БРИКС парламенттик форумуна катышты. Иш-чарада мамлекеттик тилде кеңири баяндама...