Путин Жапаровду жана Кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

«Бул даңазалуу майрамды белгилөө менен, биз эсепсиз курмандыктардын жана жоготуулардын аркасында нацизмди талкалаган ата-бабаларыбызга таазим этип, сый-урмат көрсөтөбүз. Катаал согуш жылдарында чыңалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун жакшы салттарына таянып, кыргыз-орус союздаштык мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүктүн мындан аркы ар тараптуу өнүгүүсүн камсыздайбыз деп ишенем», — деп айтылат Орусия президентинин жөнөткөн куттуктоосунда.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тылдын эмгекчилерине чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана узак өмүр тилеген.